Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Бишкекте иштен алынган дарыгердин тарапкерлери акция өткөрдү


Бишкектеги Жогорку Кеңештин имаратынын алдында өткөн аптада иштен алынган Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн башчысы Дамира Байзакованын тарапкерлери акция өткөрдү. Акцияга чыккан 20га жакын адам аталган борбордо дарыланып жаткан балдардын ата-энелери экенин айтып, Байзакованын кызматтан алынышы туура эмес чечим болгонун билдиришти.

Дамира Байзакова өткөн аптада кызматтан алынган. Саламаттык сактоо министрлиги аны кызматтан алуу чечими анын ишмердигин текшерген атайын комиссиянын бүтүмүнөн кийин кабыл алынганын билдирген.

Буга чейин бир катар ата-энелер бөлүм башчынын бейтаптарга карата жасаган орой мамилесин, анын ишиндеги шалаакылыктарын айтып, өлкө башчысына чейин арызданышкан. Бирок Дамира Байзакова ага карата айтылган дооматтарды четке кагып, ата-энелердин жүйөсүн каралоо катары баалап келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG