Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:39

Прокуратура Келдибековдун иши боюнча шаардык сотко арыз жолдоду


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мамлекеттик айыптоо Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин туура эмес деп эсептейт. Прокуратуранын жүйөсүндө, сот Келдибековдун өткөн жылдын декабрь айынан бери тергөөгө тоскоолдук кылып, көрсөтмө берүүдөн баш тартып келгенин эске алган жок. Ошондой эле депутаттын чет өлкөдө дарылануусуна мүмкүнчүлүк берүү менен анын мөөнөтүн аныктаган жок. Бул анын чет өлкөдө каалаганча жүрүп, соттук териштирүүнү создуктуруусуна жол ачат. Буга байланыштуу прокуратура Бишкек шаардык сотуна доо арыз жолдоду.

1-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Акматбек Келдибековду үй камагына бошотуп, Германияга барып дарыланып келүү чечимин чыгарган. Келдибековдун ден соолугу калыбына келгиче соттук териштирүүлөр да убактылуу токтотулган.

Коррупцияга айыпталган Келдибеков өткөн жылдын күзүнөн бери камакта болчу.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG