Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Украина Орусиянын 500дөй маданият ишмерин «кара тизмеге» киргизет


Украина жакынкы күндөрү Крымдын аннексиясын колдогон деген жүйө менен Орусиянын 500дөй маданият ишмерине өлкө аймагына кирүүгө тыюу салат. Бул тууралуу Украинанын Ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал ошондой эле тизмедеги чыгармачыл адамдар “Украина аймагында акча табууга укугу жок” экенин билдирди.

Буга чейин айрым орус аткаруучуларына Крымдын аннексиялашын колдогондору үчүн Латвияга кирүүгө тыюу салынган. Эки апта мурда Иосиф Кобзон, Валерия жана Олег Газмановду латыш бийликтери "Украина төбөлсүздүгүн бузууга салым кошкон" деген негизде "кара тизмеге" киргизишкен.

XS
SM
MD
LG