Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Обама Орусиянын дүйнөдөгү ордун ашыкча көтөрбөөгө чакырды


АКШ президенти Барак Обама британиялык “The Economist” журналына берген маегинде орус президенти Владимир Путиндин иш-аракеттери дүйнөдө чоң чыңалуу жаратып жатканын айтты. Ал мындай кадамдар Орусиянын келечеги үчүн жаман болуп калышы мүмкүн экендигине токтолду. Обаманын пикиринде жакынкы убакытта Путин өз өлкөсүндө абройлуулугун кармап турушу мүмкүн.

Ошол эле маалда АКШ президенти билдиргендей орус бийликтери мигранттардын көйгөйлөрүн чечпей, өз жарандарынын санынын кыскарып жатканын ойлобой келет.

Обама “Орус бийликтери Украинадагы урушту токтотууга салым кошпостон, тескресинче анын өнүгүшүн колдоп, жикчилдерге ар тараптуу, анын ичинде аскерий курал жагынан дагы жардам көрсөтүп жатканын”,- белгиледи.

XS
SM
MD
LG