Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Аскар Акаев Кыргызстанга келиши күтүлүүдө


Аскар Акаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө. Москва, 23-март, 2010
Аскар Акаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө. Москва, 23-март, 2010

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Кыргызстанга келип, бир күн мурда көзү өткөн бир тууган агасынын тажиясына катышары айтылууда.

Башкы прокуратура болсо Акаев бир катар кылмыш иштери боюнча суракка алынышы мүмкүн экендигин эскертти. Ага карата иш козголбогону менен “Кумтөр”, “Бител” ишканалары боюнча ачылган кылмыш иштери боюнча суракка алынышы мүмкүн. Аскар Акаевдин кол тийбестиги 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен алынган. Ал 2005-жылы март ыңкылабында өлкөдөн качып кеткенден бери Москвада жашайт.

“Агасына топурак салганы келет”

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев бир тууган агасы, 82 жаш курагында дүйнө салган Болот Акаевге топурак салганы Москвадан келери кабарланууда. Акаевдин санаалашы, коомдук ишмер Болот Жанузаков бул божомолду четке какпайт.

- Билбейм. Бир тууган агасы кайтыш болуп жатса, келет да, кантип келбей койсун.

Ал эми “Жашасын Кыргызстан” партиясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева Аскар Акаевдин бир тууган агасынын тажиясына келээрине толук ишенет.

- Мен ал келиш керек деп ойлойм. Атадай болгон улуу бир тууганы каза болуп жатса, топурак салганга жолтоо болгонго эч кимдин акысы жок.

Башкы прокуратура: Акаевге суроолор бар

Ал ортодо жергиликтүү айрым маалымат агенттиктери баш прокурор Аида Саляновага таянып, Аскар Акаев Кыргызстанга келе турган болсо укук коргоо органдары бир катар суроолор менен кайрыла турганын жазып чыкты. Баш прокурордун билдиришинче, Акаевдин жакындарына, үй-бүлөсүнө карата “Кумтөр”, “Бител” ишканаларына байланышкан жана башка бир катар кылмыш иштери бар. Салянова ушул иштерге аралашкан бардык адамдардын, анын ичинде Аскар Акаевдин өзүнүн көрсөтмөсү да укук коргоо органдары үчүн баалуу болорун айткан.

Бирок Салянованын мындай шашылыш билдирүүсүн байкоочулар Акаевге карата эскертүү катары кабыл алышууда. Серепчилердин айтымында, азыркы бийлик жарыя-эскертүү жасоо менен кандай гана шартта болбосун, Акаевдин Кыргызстанга келишин каалабай тургандыгын көрсөттү.

Маселен, саясий серепчи Марс Сариев буларга токтолду.

- Мен да ушундай деп ойлойм. Анткени прокуратура ушундай эскертүү бергенден кийин Акаев “келиш керекпи же жокпу” деп ойлонуп калат. Азыркы бийлик Акаев келсе туруксуздук болуп кетеби деп чочулап жатат.

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев 2005-жылдагы март ыңкылабында өлкөнү таштай качып, Москвадан баш паанек тапкан. Ошондон бери Кыргызстанга кайтып келе элек. 2005-жылы март ыңкылабынан соң Азимбек Бекназаров баш прокурор болуп турганда анын өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө карата бир катар кылмыш ичи ачылган болчу. Бирок Аскар Акаевдин өзүнө карата кылмыш иштери далилденбегени үчүн токтотулганын кийинки баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев айткан.

Аскар Акаевдин санаалашы Болот Жанузаков мындай дейт.

- Башкы прокуратура 2006, 2007, 2008, 2009-жылдары Аскар Акаевге карата кылмыш иши жок деп бир канча жолу айткан. Бир тууган агасы кайтыш болуп, ага топурак салганы келе жатса, аны кармайбыз десе, бул адамкерчиликке да, биздин мусулманчылыкка да жакпай турган маселе го. Эми бийлик буга кандай карарын билбейм...

Бирок Аскар Акаевге карата кылмыш иштери 2010-жылы кайра жанданган. Ал кездеги Убактылуу өкмөттүн орун басары Азимбек Бекназаровдун айтымында, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен Акаевдин кол тийбестик макамы да алынган. Кол тийбестигин алууга анын бийликти узурпациялап алганы, Аксы окуясында элге ок атканы, Каркыра жана Үзөңгү-Куушту сатканы себеп болгон.

Азимбек Бекназаровдун оюнча, азыркы бийлик Акаевди Кыргызстанга алып келип, жоопкерчиликке тартууга кызыктар эмес:

- Декрет менен кол тийбестик алынганына карабай, төрт жыл өтсө да Акаевге карата бир да иш кылышкан жок. Мурдагы козголгон беш кылмыш иши, ошондой эле парламенттин тапшырмалары боюнча сурак кылмак түгүл, булар азыр тосуп алып, чай берип, кайра узатып коюшу мүмкүн. Анткени Жоомарт Оторбаев, Тайырбек Сарпашев, Бөкөнбай Казаков, Абдил Сегизбаев, Бузурманкул Табалдиев.... булар баары Акаевдин кадры гана эмес, туугандары да болушат.

Анткен менен Аскар Акаевдин агасына топурак салганы келе жатканын айткан Азимбек Бекназаров буларды кошумчалады.

- Укук коргоо органдары кармоого аракет жасаса болот. Бирок менимче, кармоого эч кандай аракет кылышпайт. Анын үстүнө бир тууганы каза болуп келип жатат. Эгер чындап кармайбыз десе, башка убакта деле кармашса болмок да. Акаев Москвада эле жүрбөйбү интервью берип.

Ал эми мурдагы баш прокурор жана коомдук ишмер Кубатбек Байболовдун оюнча, агасына топурак салууга тоскоолдук кылынбашы керек.

- Акаевге айрым суроолор болушу мүмкүн. Бирок ага карата кылмыш иши жок болчу. Менин оюмча, ал Кыргызстанга келет. Бир тууганы каза болуп жатса, кантип келбей коёт. Бийлик агасына топурак салганы келип жаткан адамга мүмкүнчүлүк бериши керек. Керек болсо жолугуп, тактай турган суроолорун да берсин.

Ошентип Аскар Акаевдин Кыргызстанга келиш-келбеши азырынча арсар болуп турат. Айрым серепчилер ал келе турган болсо анда азыркы бийликтегилер менен алдын-ала сүйлөшүп, макулдашып алып, анан келиши мүмкүндүгүн божомолдошууда.

XS
SM
MD
LG