Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Биометрика боюнча тендерде германиялык компания тандалды


Биометрикалык жабдууларды сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, германиялык "Гизоке и Девриент» (Giesecke&Devrient) компаниясы тандалып алынды. Тендердик комиссиянын төрагасы, Мамлекеттик каттоо кызматынан статс-катчысы Бактыбек Секимовдун айтымында, жакынкы күндөрү бул компания менен кыргыз өкмөтү келишим түзөт. 16-августтан баштап жеңип чыккан компания Кыргызстанга биометрикалык жабдыктарды алып келе баштайт.

Июнь айында жарыяланган конкурска жалпысынан 14 компания катышкан. Биринчи турдун жыйынтыгы менен алтоо тандалып алынган. Алардын арасында 3 франциялык, Монголия, Нидерланд жана Германиядан бирден компания бар болчу.

Президент Алмазбек Атамбаев биометрикалык маалыматтарды топтоону 31-августтан тарта баштоону тапшырган. Бул үчүн өкмөт 260 млн. сом каражат тапканы кабарланган. Биометрикалык каттоо 2015-жылы боло турган парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүнү камсыздоого багытталган.(BkA)

XS
SM
MD
LG