Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Прокуратура айрым “Альфачыларга” чыккан чечимге макул эмес


Мамлекеттик айыптоо Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун “Альфа” атайын бөлүгүнүн офицерлери Олег Ребенок, Руслан Байтоков жана Сергей Цигельниковду актоо чечимин туура эмес деп эсептейт. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Прокуратуранын жүйөсүндө, аталган офицерлер Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевдин буйругун аткарып, 2010-жылы 7-апрелде Ак үй алдына нааразылыккка чыккандарга ок чыгарган. Мындан улам мамлекеттик айыптоо Аскердик сотко Ребенок, Байтоков жана Цигельниковду актоо чечимин жокко чыгарууну өтүндү.

25-июлда Бишкек гарнизонунун Аскердик соту “Альфа” атайын бөлүгүнүн бардык кызматкерлерин актоо чечимин чыгарган. Ал эми мурдагы президент Курманбек Бакиев, иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою сыртынан эркинен ажыратылса, мурда жогорку кызматта жүргөн бир катар кызматкерлер 10 жылдан 25 жылга чейин кесилген.(BkA)

XS
SM
MD
LG