Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:44

Орусияда козголгон кылмыш ишке байланыштуу Батукаев Кыргызстанга кайтарылбайт


Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү делген Азиз Батукаевге Чеченстанда кылмыш иши козголгонуна байланыштуу, Кыргызстанга кайтарылбай жатат. Мындай маалыматты Башкы прокуратурадан “Азаттыкка” тастыкташты. Маалыматка ылайык, башкы көзөмөл мекемеге Орусиядан Батукаевге Грозныйда “мыйзамсыз курал алып жүрүү” беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатканы тууралуу жооп келген. Буга байланыштуу Чеченстанда иш тергелип бүтүп, сот чечими чыкмайынча Батукаев Кыргызстанга кайтарылбайт.

16 жылга кесилген Азиз Батукаевди өткөн жылдын 9-апрелинде абактагы жарым мөөнөтү бүтө электигине карабай "айыкпаган ооруга чалдыкты" деген негизде Нарын шаардык соту бошотуп жиберген. Бирок быйыл апрель айында Башкы прокуратуранын келтирген өтүнүчүнүн негизинде Нарын шаардык соту Батукаевди бошотуу боюнча мурдагы чечимин жокко чыгарган эле. Быйыл 1-июлда болсо Түндүк Осетияда кармалып, Владикавказ шаарындагы тергөө абагына камакка алынганы маалым болгон. Мындан соң Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны кайтарып алуу боюнча аракеттерди көрүп жатканын кабарлаган эле.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG