Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Алдыдагы жылдардын бюджеттик долбоору талкууланат


Бүгүн Бишкекте 2015-2017-жылдарга карата мамлекеттик бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуу болот. Талкуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев баш болгон министрлердин жана жарандык коом өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Талкуунун жүрүшүндө түшкөн сунуштар алдыдагы үч жылдын бюджетин бекитүүгө негиз болмокчу. Коомдук угуу Park Hotel комплексинде өтөт.

Каржы министрлиги июль айында бюджет боюнча коомдук угууларды облустарда уюштурган. (SE)

XS
SM
MD
LG