Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Израил Кыргызстанга нота жолдоду


Мындай маалыматты "Азаттыкка" Израилдин Астанадагы элчилигинен тастыкташты. Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн Казакстандагы жана Кыргызстандагы элчиси Эли Тасман кыргыз Тышкы иштер министрлигине нота жолдогон. Нааразылык нотасында Израилдин желегин айрыган Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулун жоопкерчиликке тартуу жазылган.

Израил элчиси Турсунбай Бакир уулу 5 жыл мурун да бул өлкөнүн желегин өрттөгөнүн эске салып, бул аракет эч бир мыйзамга сыйбай турганын билдирген. Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Израилден нота келип түшө электигин билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу 4-августта Бишкектеги маалымат жыйынынын жүрүшүндө Израилдин желегин айрыды. Ал бул кадамын Израилдин Газа тилкесиндеги аскерий операциясына каршылык иретинде жасадым деп түшүндүргөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG