Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Кыргызстанда мүлктү мыйзамдаштыруу жараяны аяктады


Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жарандардын кирешесин мыйзамдаштыруу өнөктүгүнүн алкагында 9840 жаран өз мүлктөрүн жана кирешелерин ачыкка чыгарган. Анын ичинен 83 жаран өз мүлкүнүн 45 миллион сомдон ашык экенин билдирген.

2016-жылы башталуучу "Бирдиктүү салык декларациясына" утурлай киргизилген Мүлктү жана капиталды легалдаштыруу иш-чарасы өткөн жылы 1-июлдан тарта башталган. Кирешени легалдаштыруу декларациясын толтуруу учурунда ар бир жаран мүлкүн өзү баалайт жана 45 миллион сомдон ашпаса, декларация бланкы менен нотариустун 150 сомдук кызматын гана төлөйт. Эгер 45 миллион же андан ашыра баалагандар милдеттүү түрдө 450 миң сомдук декларациялык төлөм төлөөгө милдеттүү.(BkA)

XS
SM
MD
LG