Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:05

Кытайда узун сакалчандарга автобуска түшүүгө тыюу салынды


Кытайдын батышындагы Шинжаң Уйгур автоном районунда сакалчандарга жана узун мусулман кийимин кийгендерге автобустарга түшүүгө тыюу салынды.

Жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей Карамай шаарынын бийликтери коомдук транспортко түшүүгө тыюу салынган жүргүнчүлөрдүн беш түрүн белгиледи. Алар: чадра, жилбаба деп аталган адамдын көзүнөн бери жапкан мусулман кийимдерин кийгендер, жоолук салынгандар, жарым ай жана жылдыздын сүрөтү бар кийим кийгендер жана узун сакал өстүргөндөр.

Шинжаң аймагынын калкынын басымдуу бөлүгүн ислам динин туткан уйгурлар түзөт. Бул кадамдар алардын нааразылыгын жаратты.

Кытай бийлиги аймактагы экстремизм жана терроризм менен күрөшүү максатында ар кандай катуу чараларды колдонуп келет.

Өткөн жумада Шинжаңдагы террористтердин чабуулунан 100дөн ашык киши көз жумган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG