Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

Чет элдик эксперттер учак кырсыгын иликтөөнү токтотту


Бир апта мурун Донецкке келген эл аралык эксперттер тобу малайзиялык “Боинг” учагы кулаган аймакта коопсуздук маселесинен улам иликтөө иштерин токтотту. Голландиянын өкмөт башчысы Марк Рютте адистер авиакырсык болгон Чыгыш Украинага чыңалуу басаңдагандан соң кайра келишерин билдирди.

Австралия, Малайзия жана Голландиянын эксперттери учакта мерт кеткендердин табылбай калган сөөктөрүн жана жеке буюмдарын чогултканы барган.

Изилдөө жүрүп жаткан Донецк аймагында өкмөт күчтөрү менен козголоңчулар ортосунда айыгышкан согуш уланууда.

17-июль күнү атып түшүрүлгөн малайзиялык учакта 298 адам болгон. Алардын баары көз жумган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG