Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

Ирактагы жардыруулар 50дөн ашуун адамдын өмүрүн кыйды


Багдаддын бир катар райондорунда 6-август күнү кечинде бомба коюлган 4 унаа жарылды. Жергиликтүү полиция жардыруулар шииттер жашаган аймактарда болгонун билдирди. Окуяга жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

Бомба орнотулган машиналар бийликтин “Ирак жана Левант ислам мамлекети” уюшулмасынын согушкерлерине каршы абадан сокку уруу операциясы тууралуу тараткан билдирүүсүнөн соң жарылды.

Жергиликтүү маалымат булактары Мосулда өкмөт күчтөрү жүргүзгөн атайын операцияда 60 согушкер өлтүрүлүп, шаар борборундагы түрмөдө барымтада кармалып турган үч жүздөн ашуун адам бошотулганын кабарлады. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG