Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

ИИМ: алты айда коррупциялык мүнөздөгү 338 кылмыш катталды


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Кайрат Тойбаев билдирди. Анын айтымында, катталган кылмыштардын көпчүлүгү кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдалануу беренеси боюнча ачылып, мындай 172 факт ашкереленди. Паракорчулукка байланыштуу 37, тогузу коррупция, калгандары башка экономикалык кылмыштар боюнча козголду.

Ачылган кылмыштардын негизинде 65 миллион сом мамлекеттик бюджетке кайтарылды.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG