Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Зыяратчыларды ажыга алып барчу авиа компания боюнча маселе чыкты


Бул тууралуу бүгүн муфтий Максат ажы Токтомушев Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, буга чейин ажылыкты уюштуруу боюнча штаб атайын конкурстун негизинде зыяратчыларды Мекеге ташуу үчүн Бириккен Араб Эмираттарынын Fly Dubai авиакомпаниясын тандап алган. Жол акысынын өлчөмү 1300 доллар деп аныкталып, ал зыяратчыларды Дубай аркылуу Мединага жеткирери макулдашылган. Бирок быйыл июнь айында Сауд Арабия Fly Dubai үчүнчү өлкөнүн компаниясы деген жүйө менен каршылыгын билдирип, анын ордуна Арабияда катталган башка компанияны тандоону сунуштаган. Бирок аталган компания жол акыны 1500 доллардан арзандатпай жатат. Буга байланыштуу учурда Жарандык авиация агенттиги менен кырдаалдан чыгуу жолун издеп жатканын муфтий кошумчалады.

Ажылык сапарга зыяратчылар 8-сентябрдан баштап аттаныш керек. Сауд Арабия быйыл Кыргызстанга ажылык үчүн 3680 орун бөлгөн.(BkA/EBM)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG