Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

БУУ Газаны кайра курууга акыркы жолу жардамдашат


Бул жөнүндө БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын ачылышында билдирди: "Газадагы, Батыш Иордандагы, ошондой эле Израилдеги чубалжыган зомбулуктар токтотулушу керек. Куруп кыйратуу, куруп кыйратуу кайталана береби? Биз кайра курабыз, бул акыркы жолу болот. Алар сүйлөшүүгө барышы керек. Биз бу жолду кайра-кайра баспашыбыз абзел."

Израил премьер-министри Бинямин Нетаняху Израилдин Газадагы согуштук аракеттерин “негиздүү жана пропорционалдуу болду”,- деп актады.

Газадагы төрт апталык урушта 1875 палестиндин жана 67 жөөттүн каны төгүлдү. Газанын 1,8 млн. элинин жарымына жакыны үй-жайын таштап кетти. Израил менен Газаны башкарган ХАМАС ортосундагы 72 сааттык элдешүү күчүнө киргенине эки күн болууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG