Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

Евразия университети боюнча текшерүү аяктай элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин 5-башкармалыгынан кабарлашты. Буга чейин башкармалыктын текшерүүсү жыйынтыкталып, анда окуу жайдын лицензиясы мыйзамсыз узартылганы, талапка жооп бербеси, ошондой эле негизинен “жел” студенттер билим алып жатканы аныкталганы айтылган болчу.

Бирок бүгүн башкармалык өкүлдөрү текшерүү дале болсо уланып жатканын билдиришти.

Бишкекте жайгашкан Евразия университети 2008-жылы алгач институт болуп түзүлгөн, эки жылдан кийин 2010-жылы университетке айланган. Анын негиздөөчүлөрүнүн Билим берүү жана илим министри менен туугандык жайы бар экени айтылган. Бирок буга чейин негиздөөчүлөр да, министр Канат Садыков да бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышкан.(EBM/BkA)

XS
SM
MD
LG