Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:06

Кытайдагы аскердик машыгууга 500 кыргыз аскери катышат


Бул тууралуу Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн башкы башкармалыгынан билдиришти. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр арасында терроризмге каршы бирге аракеттенүү жолдорун иштеп чыгуу боюнча аскердик машыгуу Кытайдын чыгыш тарабында Чжужих аймагында өтөт. Машыгууга кыргыз тарап 50 даана автоунаа жана бронетехника менен барганы турат.

Буга чейин 2012-жылы ШКУнун аскердик машыгуусу Тажикстанда өткөн
болчу. Бул уюмдун кезектеги аскердик машыгуусу 2016-жылы Кыргызстанда өтмөкчү.(YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG