Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Букмекер кеңселерине тыюу салуу боюнча мыйзам даярдалууда


Бул тууралуу аталган мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров кабарлады. Анын айтымында, мындай кеңселерден өлкө бюджетине 12 миллион сом түшөт. Бирок көптөгөн жарандар кеңселерге көз каранды болуп, жапа чегип жатат. Мындан улам аларга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору иштелип жатат. Ал сентябрда Жогорку Кеңешке сунушталмакчы.

2012-жылы Жогорку Кеңеш "Букмекер кеңселеринин жана тотализатор бюролорунун ишмердиги" тууралуу мыйзамды кабыл алган. Бирок президент Алмазбек Атамбаев ага каршы пикирин билдирип, вето койгон. Президенттин жүйөсүндө ар кандай спортчулардын, командалардын жеңиши үчүн алдын ала байге сайган жана акчага мелдешкен букмекер кеңселери менен тотализатор бюролору кумар оюн жайлары болуп эсептелет. Мындай жайларга уруксат берүү бир катар социалдык көйгөйлөрдү жаратышы ыктымал. Ошондуктан мындай ишмердикке толугу менен тыюу салынышы зарыл экенин өлкө башчысы белгилеген.(BkA/EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG