Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

Согушчандар Ирактын түндүгүндөгү Каракош шаарын да ээледи


7-августта Ислам мамлекети уюмунун согушчандары Ирактын түндүгүндөгү христиандар көп жашаган Каракош шаарын жана анын тегерегин басып алды. Шаарды он миңдеген адамдар калтырып кетүүдө.

Суннилер башындагы экстремисттер Каракошту акыркы күндөрү катуу жоготууга учураган күрт аскерлери түндө калтырып кеткенден соң ээлешти. Алар калкынын көбүн христиандар түзгөн Тал Каяф, Бартелла жана Карамлеш шаарларын да басып алышты.

Күрт телеканалы Ирбилден 40 чакырым батыштагы күрт конуштары Махмур жана Гварды согушчандар 6-августта ээлегенин билдирди. Ирбил Күрт автономиясынын борбору.

6-августта согушчандардын позицияларына Ирактын куралдуу күчтөрү абадан сокку уруп, күрттөр жерден чабуул койгон. Ирак бийликтеринин маалымдашынча, сунни согушчандардын кол астындагы Мосул шаарына абадан урулган соккудан кеминде 60 адам өлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG