Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

Москва Батыштан азык-түлүк импорттоого тыюу салды


Орусиянын билдиришинче, АКШ, Европа Биримдиги, Австралия, Канада жана Норвегиядан сатып алынчу азык-түлүктүн көпчүлүк түрүнө эмбарго киргизилди. Уй эти, чочко эти, канаттуулар эти, балык, сыр, сүт жана сүт азыктары, мөмө жана жашылча жемиштерине импорттоого тыюу салуу Москванын Батыштын санкцияларына берген жообу болду.

Премьер-министр Дмитрий Медведевдин айтымында, Батыш авиакомпанияларынын Орусиянын аба мейкиндиги аркылуу Азияга катоосуна тыюу салуу жагы да каралууда: "Европалык пассажирдик жана чартердик учактардын Орусиянын аба мейкиндигине кирүүчү жана чугуучу босоголорду өзгөртүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. Бул албетте, Батыш компаниялары саткан билеттердин жана ташыган жүктүн наркына таасир этет".

7-августа киргизилген эмбарго бир жылга созулат. АКШ Москванын тамак-ашты импорттоого тыюу салуусу Орусиянын эл аралык изоляциясын дагы тереңдетет деп эскерткен.

Батыш Москванын Украинадагы саясатына байланыштуу Орусияга каршы бир катар санкцияларды киргизген болчу.

XS
SM
MD
LG