Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:58

Диниятчы Пакистан өкмөтүн кулатам деп коркутту


Пакистандык диниятчы Тахир-ул Кадри Исламабадга жүрүш жасап, премьер-министр Наваз Шарифтин өкмөтүн төңкөрөм деп коркутту. Пакистандын Авами Техрек партиясы жасаган билдирүүдө Кадринин “Эгер өкмөт биздин партиянын мүчөлөрүн камакка алууну уланта берсе, же мени камакка алмак болсо, бизде элди революцияга чакыргандан башка чара калбайт” деген сөзүнө шилтеме жасалат.

7-августтагы билдирүүдө элди коркутуу өнөктүгү маалында диниятчынын 500дөн ашуун тарапкерин полиция камакка алганы айтылат.

Кадри өз тарапкерлерин 10-августта өлкө чыгышындагы Лахор шаарында демонстрация өткөрүүгө үндөдү.

Быйыл июнь айында Кадринин жактоочулары менен полиция ортосундагы мушташта 14 активист курман болгон.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG