Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Түркияда вандык эки кыргыз уурдалды


Түркиянын Ван облусуна караштуу Эржиш районунда жашаган кыргыз тектүү эки жаранды күрт жикчилери уурдап кетти. Изат Өндер жана Орхан Акжол 6-августта жоголгонун “Азаттыкка” аталган аймакта жашаган кыргыздардын бири Сали Санжактар кабарлады.

Түркиядагы айрым маалымат булактары аларды күрттөрдүн жикчил террордук уюмунун мүчөлөрү барымтага алганын жазып чыкты. Коопсуздук күчтөрү куткаруу пландарын түзүп жатат.

Түркиянын түштүк-чыгышында калктын көпчүлүк бөлүгүн күрттөр түзөт жана алар көз карандысыз Күртистан мамлеккетин түзүү максатын көздөгөн түрдүү саясий акцияларды уюштуруп келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG