Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Ирак: жихадчылар түндүктөгү шаарларды ээледи


Ирактагы бозгун тарсалар Эрбил шаарында. 7-август 2014
Ирактагы бозгун тарсалар Эрбил шаарында. 7-август 2014

7-августта Ислам мамлекети уюмунун согушчандары Ирактын түндүгүндөгү Каракош шаарын жана анын тегерегин басып алды. Тарса-христиан калкы басымдуу бул шаарды он миңдеген адамдар калтырып кетип жатканы маалымдалды.

Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Франциск дүйнө өлкөлөрүнө кайрылып, Ирактын түндүгүндөгү кыштактарын таштап кеткен христиандарга гумжардам көрсөтүүгө чакырды.

Суннилер башындагы экстремисттер же "Ирак ислам мамлекети жана Леванттын" согушчандары Каракошту акыркы күндөрү катуу жоготууга учураган күрт аскерлери-пешмаргелер калтырып кеткенден соң ээлешти. Алар калкынын көбүн христиандар түзгөн Тал Кайф, Бартелла жана Карамлеш шаарларын да басып алышты.

"Ирак ислам мамлекети жана Леванттын" согушкерлери Ирактын жана Сириянын өз ээлигиндеги аймактарын халифат деп жарыялаган. “Ал-Каидадан” да радикалдуу эсептелген "Ирак ислам мамлекети жана Леванттын" жихадчылары Ирактын көпчүлүк элин түзгөн шииттерди, күрт, езид жана христиандар сыяктуу улуттук азчылыктарды каапыр деп эсептейт: басып алган аймактардын элинен исламга өтүүнү талап кылат, болбосо өлүмгө айдайт.

Былтыр Каракош шаарында 50 миңдей эли болсо, алардын көбү христиандар эле. Согушчандар июнда Мосулду басып алгандан кийин Ирактын башка бөлүктөрүнөн качкан миңдеген адамдар Каракошко келип, аларды күрт пешмаргелери коргоп жаткан.

Күрт автономиясынын борбору Эрбилден 40 чакырым батыштагы күрт конуштары - Махмур жана Гварды экстремисттердин колуна 6-августта өткөн. Эртеси алар шиит азчылыгы жашаган Шабак шаарына киришти.

7-августта маалымдалгандай, жихадчылар Күрт автономиясынын чек арасына 20 чакырым жакын калды.

Мосулдун батышындагы Синжар шаарын таштап качкан езиддер Дохук провинциясында. 7-август 2014
Мосулдун батышындагы Синжар шаарын таштап качкан езиддер Дохук провинциясында. 7-август 2014

Езид мугалим Фалих Хасан Жума 6-августта “Азаттык” радиосуна Дохук шаарынан телефондон сүйлөп, Башика шаары үчүн катуу согуш жүрүп жатканын айтты:

- Үй-бүлөлүүлөр кетип, азыр Башика бош калды. Езид жаштары гана аны коргошууда. Мен азыр Дохуктамын. Нанүштө кылып алып, досторум менен Башикага кайра барабыз.

Башика Ирактын түндүгүндөгү Дохук жана Мосул шаарларынын ортосундагы калаа.

Күрт аскерлеринин чоң жоготуусунан кийин жихадчылардын зулумдугунан корккон езиддер Синжар шаарын калтырып, ошол тараптагы тоолорго азык-түлүксүз жана суусуз качышканы айтылууда.

Езиддер 4 миң жыл байыркы зороастризм динин тутунган эл.

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Даудоглу да шаршемби күнү Рейтер агенттигине берген интервьюсунда коңшулаш Ирактагы кырдаал бүтүн регионду кабатырга салганын айткан:

- Биз регионго миңдеген чатыр жана 200 машинеден көп жардам жибердик. Күртистанга кошумча гумжардам да беребиз. Региондун президенти (Масуд Барзани) мага аймакта 1, 5 миллион бозгун бар деди. Ошондуктан коогалаң региондогу жалпы туруктуулукка коркунуч туудурууда.

БУУнун Гуманитардык жардамдарды координациялоо боюнча кеңсесинин билдиришинче, акыркы күндөрү Ирактын түндүгүндөгү согуш болуп жаткан жерлерди 200 миңдей адам таштап кетип, бозуп жүрөт.

XS
SM
MD
LG