Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:34

Орусия мигранттарга милдеттенмени күчөттү


Мындан ары Орусияга жумуш издеп бараткандар миграциялык картага “иштегени баратам” деп жазбаса, эмгектенүүгө уруксат кагаздары берилбейт. Бул милдеттенме 22-июлдан тарта күчүнө кирген “Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалдары” тууралуу федералдык мыйзамда жазылган.

Орусияга ишке бара жаткан жаран чек арада миграциялык картаны толтуруп жатып, “сапарыңыздын максаты эмне?” деген суроого “иштегени баратам” деп сөзсүз көрсөтүшү зарыл.

Москвадагы кыргыз элчилиги миграциялык картанын бланкалары акысыз берилерин, анын бир нускасын жаран дайыма жанында алып жүрүүсү зарылдыгын эскертет. Картаны жоготуп алган адам өзүнө жакын жердеги Федералдык миграция бөлүмүнө үч күн ичинде кайрылышы кажет.

Расмий эсепте азыр Орусияда 500 миңден ашуун кыргызстандык бар. Ал эми расмий эмес түрдө алардын саны миллиондон ашуун экени айтылат. (SE)

XS
SM
MD
LG