Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Вашингтон: Сноуден мекенине кайтышы керек


АКШ бийлиги Улуттук чалгындоо кызматынын мурдагы өкүлү Эдвард Сноуденди өз мекенине кайтышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу бейшембиде Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнест билдирди.

Анын айтымында, АКШнын Сноуденге карата позициясы өзгөрө элек. Ал “жашыруун материалдарды ачыкка чыгарды”,- деп айыпталууда. Бул өтө оор айыптоо экенин кошумчалаган Жош Эрнест Сноуден мыйзамга ылайык өзүн коргогонго акылуу экенин белгиледи.

2013-жылы Орусиядан башпаанек алган Сноуден 7-август күнү башкалкалоо мөөнөтүн дагы 3 жылга узарткан. (SE)

XS
SM
MD
LG