Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Биометрикалык паспорт боюнча экинчи тендердин жыйынтыгы чыкты


Биометрикалык маалыматтарды топтоого сервердик жабдыктарды, маалымат базасын башкаруу системасын лицензиялоо жана программалык камсыздоо системасын сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгы чыкты.

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул тендерге жергиликтүү төрт компания катышты. Тендердик комиссия алардын арасынан IFS жана “Континент Трейд” компанияларын жеңүүчү деп атады. IFS компаниясы маалыматтык база системасын башкаруу лизенциясына ээ болсо, сервердик жабдыктарды жана программалык камсыздоо системасын сатып алууну жүргүзмөкчү.

Кыргызстанда 2015-жылдагы шайлоону ачык-айкын өткөрүү максатында биометрикалык каттоого өтүү мерчемделүүдө. Президент Алмазбек Атамбаев бул жараянды сентябрга калтырбай баштоо тапшырмасын берген. Апта башында биометрикалык жабдууларды сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгы чыгып, анда германиялык "Гизоке жана Девриент» (Giesecke&Devrient) компаниясы тандалып алынган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG