Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Премьер Оторбаев Жерүй кенине барды


Бүгүн премьер-министр Жоомарт Оторбаев Талас облусуна бир күндүк иш сапар менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Сапар жүрүшүндө Оторбаев Жерүй кенине барды. Ал бул кендин өлкө экономикасы үчүн маанисин белгилеп, кенди ишке киргизүү зарылдыгын билдирди. Мындан соң Талас районунун тургундары менен жолугуп, андан кийин Киров суу сактагычынын абалы менен таанышмакчы.

Жерүй - Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. Айрым жергиликтүү тургундар бул кенди иштетүүгө каршылык билдирип келишет.(BkA)

XS
SM
MD
LG