Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

ТИМ айрым маалымат каражаттарын сотко бериши мүмкүн


Тышкы иштер министрлиги жергиликтүү интернет басылманын "президент Алмазбек Атамбаев коңшу өлкөлөр менен мамиле тууралуу айтты" деген маалыматы чындыкка коошпой турганын билдирди.

Министрлик бүгүн тараткан билдирүүдө мындай жалган маалыматтар коңшу өлкөлөр менен мамилеге чагым салып, улуттук кызыкчылыкка доо кетирет деп эскерткен. Мындан улам Тышкы иштер министрлиги жалган маалымат таратты делген басылманын үстүнөн сотко кайрылуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешүү жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин жергиликтүү интернет басылмалар президент Алмазбек Атамбаев айрым маалымат каражаттарынын редакторлору менен жолукканда, Казакстан жана Өзбекстандын президенттеринин дарегине ачуу сөздөрдү айтты деп жазып чыккан.(BkA)

XS
SM
MD
LG