Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

Жол эрежесин бузгандарга жазаны катаалданткан мыйзам күчүнө кирди


Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарды жазалоо боюнча жаңы чаралар бүгүнтөн тарта күчүнө кирди. Президент Алмазбек Атамбаев бул тууралуу мыйзамга 4-июлда кол койгон. Айыппулдун жаңы тарифтери жана башка жаза чаралары тууралуу коомчулукту тааныштырууга бир ай убакыт берилген болчу.

Жол эрежесин бузган айдоочуларга айыппул мурда 100 сомдон 2000 сомго чейин болсо, эми 500 сомдон 20 миң сомго чейин жогорулады. Мас абалда унаа айдаган айдоочу мурда 1,5 миң сом төлөсө, эми мамлекетке 10 миң сом төгүшү керек. Ал эми жол кырсыгына себепкер болсо 20 миң сом төлөп, 4 жылга эркинен ажырашы мүмкүн. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG