Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

Оштогу эстакада көпүрө боюнча кылмыш иши сотко өткөрүлдү


Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2013-жылы көпүрө куруу боюнча тендер туура эмес өткөнү жана долбоорго бөлүнгөн каражаттар мыйзамсыз берилгени боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында шаардык мэриянын үч кызматкерине “кызмат абалынан аша чапкан”, “мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөн” жана “мыйзамсыз тендер өткөргөн” деген айып тагылган. Кылмыш иши боюнча Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматов да бир нече жолу суракка чакырылган болчу.

Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөнүн курулушу өткөн жылы октябрда башталган. Аны ошо кездеги шаар мэри Мелис Мырзакматов “Кылым курулушу” деп атап, 800 миллион сом керектелээри айтылган. Бирок Мырзакматов кызматтан кеткен соң долбоор кайрадан каралып чыгып, көпүрөнүн курулушу 699 миллион сом деп бааланууда.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG