Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:32

Орусияда 40 миңдей кыргызстандык “кара тизмеге” кирди


Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, Орусиянын Федералдык миграция кызматынын "кара тизмесине” 60 миңге жакын кыргызстандык киргизилгени белгилүү болгон. Кийинчерээк бул тизме такталып, андан студенттер, жеңил жаза менен киргизилгендер чыгарылды.

Орусиянын миграция мыйзамдарын бузганы үчүн бул өлкөгө кирүү укугунан убактылуу ажырагандар атайын "кара тизмеге" илинүүдө. Расмий маалымат боюнча учурда Орусияда 580 миң кыргызстандык жаран эмгек мигранты болуп жүрөт. Ал эми мигранттардын айтымында, алардын саны 1 миллиондон ашты. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG