Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Израилде элдешүү мөөнөтү аяктап, атышуулар башталды


Израиль менен Палестинанын ортосундагы үч күндүк ок атышпоо макулдашуу мөөнөтү бүтөөрү менен Газа тараптан ракеталык чабуул башталды. Бул тууралуу Израилдин аскерий мекемесинин өкүлү билдирди.

Эки өлкө ортосундагы элдешүү мөөнөтүн узартып, тынчтык келишимине келүү боюнча Каирде өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтык берген жок.

Газа тилкесин өз карамагына алган ХАМАС тобу жөөттөр алар койгон талаптарды аткарбай жаткандыгына байланыштуу атышууну токтотпой тургандыгын билдирди.

Чатак башталгандан бери эки тарап ок атышууну токтотууну бир нече жолу жарыялашып, бирок ал келишимдер кайра эле бузулууда.

Азыркы уруш башталган 28 күндөн бери 1800дөн ашуун палестиналыктын, көбүнесе жөн-жай тургундардын өмүрү кыйылды. Израиль 64 жоокерин, үч тургунун жоготту.

XS
SM
MD
LG