Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Президент Түркия жана Орусияга иш сапар менен барат


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүнтөн 10-августка чейин Түркия, андан соң 12-августка чейин Орусияда иш сапар менен болот. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, президент Түркияда бул өлкөнүн жетекчилери менен жолугуп, кыргыз-түрк кызматташтыгынын орчундуу маселелерин талкууламакчы.

Орусиянын Сочи шаарында болсо орус президенти Владимир Путин менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтык жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу пикир алышмакчы.(BkA)

XS
SM
MD
LG