Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:00

Эбола эл аралык маанидеги коркунуч жаратууда


Дүйнөлүк cаламаттыкты сактоо уюму Батыш Африкадагы эбола вирусунун тарашы эл аралык маанидеги коркунуч жаратып жатканын жана өзгөчө кырдаалга алып келиши ыктымал экендигин жарыялады.

Женевада шашылыш өткөрүлгөн эки күндүк жыйындын жыйынтыгында уюмдун эксперттери эболанын мындан ары жайылышы олуттуу кесепеттерге алып келерин айтып, коңгуроо кагышты.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул илдет катталган өлкөлөрдө өзгөчө кырдаал абалын жарыялоону сунуштады.

Ошол эле маалда уюм вирустун тутанышынан улам эл аралык каттамдарга чектөө киргизүү зарыл эместигин белгиледи.

Акыркы маалыматтар боюнча эбола тумоосунун курмандыктарынын саны 932 адамга жетти. Вирус Батыш Африканын Гвинея, Сьерра- Леон, Либерия жана Нигерия өлкөлөрүндө катталды.

XS
SM
MD
LG