Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Канада Украинага аскерий жардам көрсөтөт


Бул тууралуу бейшембиде Канаданын премьер-министри Роб Николсон билдирди.

Анын айтымында, жардам Украинанын суранычы менен көрсөтүлүүдө.

Киевге жеткириле турган аскерий жардамдын ичинде ок өткөрбөс олпоктор, чатырчалар, талаа төшөнчүлөрү жана алгачкы медициналык жардам берүүдө колдонулчу жабдыктар бар.

Премьер-министрдин маалымат кызматы билдиргендей, Канада өкмөтү бул жабдыктар Украинанын чек арасынын бекемделишине жардам берерине ишенет.

Бир аз мурда Канада Украинадагы абалга байланыштуу Орусияга экономикалык санкцияларды киргизип, айрым орус расмийлерине өлкөгө кирүүгө тыюу салган.

XS
SM
MD
LG