Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

“Delta” авиакомпаниясы орус аба аймагынан баш тартууга даяр


Эгерде Москва Батыш учактарын өз аба мейкиндигине киргизбей турган болсо, америкалык ири “Delta” авиакомпаниясы Азияга учкан маршруттарын өзгөртүүгө даяр.

Мындай билдирүү компаниянын расмий сайтында жарыяланды.

Businessweek журналы маалымдагандай маршруттарын өзгөртүү ыктымалдыгын United Airlines авиакомпаниясы жана жүк ташуучу ири UPS компаниясы дагы караштырууда.

Бир күн мурда Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Батыш авиакомпанияларынын Орусиянын аба мейкиндиги аркылуу учуусуна тыюу салуу жагы каралып жатканын эскерткен. Европадан Азияга учкан авиакаттамдардын көбү «Транссибирь» аба жолу аркылуу өтөт. Эгер Кремль европалык учактарды өз аба мейкиндигине киргизбей салса, авиабилеттердин баасы кымбаттап, учуу убактысы кыйла узарат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG