Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:13

Азери жана Армян президенттери Сочиде Путин менен кездешет


Эки өлкө башчылары бүгүн Сочиге орус президенти Владимир Путин менен жолугушууга жөнөп кетишти. Алар Путин менен алгач ар бири өз алдынча сүйлөшүп, андан соң үч тараптуу жолугушуу өтөт деп күтүлүүдө.

Армян президенти Серж Саргсян менен Азербайжан башчысынын бул жолугушуусу эки өлкө ортосундагы Тоолуу Карабак аймагы боюнча чыңалуу күчөп турган маалга туш келди.

Тоолуу Карабактагы бир нече күн мурдагы кагылышуудан бери дегенде 20 адам көз жумган.

7-августта Илхам Алиев өзүнүн Твиттердеги расмий баракчасына “Биз өзүбүздүн аймактык бүтүндүгүбүздү тынчтык же аскерий жол менен болсо да калыбына келтиребиз. Согуш бүтө элек. Биз биринчи этабындабыз. Экинчи этабы дагы башталып кетиши мүмкүн”, - деп жазды.

Армения колдогон жикчилер Азербайжандын армяндар басымдуулук кылган аймагын 1990-жылдардын башындагы согушта ээлеп алган.

Анда 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылган болчу. Тоолуу Карабактын болочок макамы боюнча сүйлөшүүлөр ок атышууну токтотуу макулдашылган 1994-жылдан бери эле натыйжа бербей келет.

Баку Тоолуу Карабакты өзүнүн оккупацияланган аймагы катары санаса, Ереван аймак келечекте да Азербайжандын бир бөлүгү боло албайт деп эсептейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG