Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

Бишкекте сейил бактарды көркөмдөө боюнча сынак жарыяланды


Бишкек мэриясы Кыргызстандын архитекторлор биримдиги менен биргеликте борбордогу бир нече сейил бактарды жана скверлерди көрктөндүрүп, кооздоо боюнча сынак жарыялады. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сынактын катышуучулары шаардагы Ахунбаев-Байтик баатыр, Тоголок Молдо-Москва, Айни-Чапаев, Шопоков-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бактар жана скверлер боюнча өз долбоорлорун сунушташы керек. Долбоорлор 27-октябрга чейин кабыл алынат. Андан соң шаардыктардын кароосуна коюлуп, анын негизинде тандалып алмакчы.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG