Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:44

Ооган президенттигине талапкерлер бирдиктүү улуттук өкмөт түзүшөт


Ооган президенттигине талапкерлер Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла шайлоонун экинчи айлампасынын добуштары саналып бүткөн соң бирдиктүү улуттук өкмөт түзүшөт.

Бул туралуу декларацияга алар бүгүн кол коюшту.

Абдулла Абдулла “бул макулдашуу өлкөдөгү улуттук биримдикти бекемдөөгө жасалган кадам жана ал ооган элинин жакшы келечегинен кабар берет”,- деди.

7-августта АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Кабулга алдын ала айтылбаган сапар менен келип, эки талапкер менен кездешти.

14-июнда өткөн шайлоонун экинчи айлампасынан кийин эки талапкер добуш саноо акыйкатсыз өтүп жатканын айтып, бири - бирин айыптап келишкен.

12-июлда Ашраф Гани жана Абдулла Абдулла добуштарды кайра саноо боюнча макулдашкан.

Учурда эл аралык байкоочулардын жана эки талапкердин тарапкерлеринин көзөмөлүндө бардык сегиз миллион бюллетень кайра саналууда.

XS
SM
MD
LG