Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

АКШ Ирактагы качкындарга гуманитардык жардам жөнөттү


АКШ армиясы түндүк Иракты басып алган “Ислам мамлекети” кыймылынын мүчөлөрүнө каршы соккулардын экинчи айлампасын ишке ашырды.

8-август күнү АКШнын учкучсуз башкарыла турган учактары согушкерлердин артиллериясына сокку урган. Исламчыл согушкерлер артиллерия куралдарынан Эрбил шаарын коргоп турган күрт армиясына каршы колдонуп жаткан болчу.

Өлкө түндүгүндөгү салгылашуудан тоолордо баш калкалап отургандарга суу жана башка жемиштер учак аркылуу жеткирилди. Гуманитардык жүк парашют аркылуу түшүрүлгөнүн Пентагон маалымдады.

Америкалык аскерлердин, дипломатиялык кызматтагылардын жана диний азчылык өкүлдөрүнүн коопсуздугу үчүн президент Барак Обама исламчыл согушкерлерге каршы сокку урууну колдогон. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG