Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Армения Орусияга азык-түлүк сунуштайт


«Кремлдин Батыштан азык-түлүк алууга тыюу салуусу армян өндүрүүчүлөрүнө орус рыногуна кирүүгө жол ачат”,- деп эсептейт армян өкмөт башчысы Овик Абрамян.

Анын айтымында, Орусиянын мындай кадамы армян экономикасынын активизациясына жакшы шарт түзөт жана мындан ары өкмөт Орусияга экспорт жасоону көздөгөн өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтөт. Премьер- министр кошумчалагандай бул мүмкүнчүлүктөн армян эт өндүрүүчүлөрү жана кайра иштеп чыгуу жаатында эмгектенген компаниялар колдонуп калышы керек.

Орусия 7-августта АКШ, Европа Биримдиги, Австралия, Канада жана Норвегиядан сатып алынчу азык-түлүктүн көпчүлүк түрүнө тыюу салган. Бул Москванын Батыштын санкцияларына берген жообу болду.

АКШ бийлиги Москванын тамак-ашты импорттоого тыюу салуусу Орусиянын эл аралык изоляциясын дагы тереңдетет деп эскерткен.

Батыш Москванын Украинадагы саясатына байланыштуу Орусияга каршы бир катар санкцияларды киргизген болчу.

XS
SM
MD
LG