Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Акыйкатчы 14-абактагы жагдайды текшерүүгө чакырды


Омбудсмен институтунун кызматкерлери Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу №14 абакта укук бузуулар арбын катталып жатканын билдирди. Чүй облусунда жайгашкан бул абак жашы жете электерди тарбиялоочу колония катары белгилүү.

Акыйкатчы институтунун маалыматында жаза өтөө режиминин сакталышы, соттолгондорду милдеттүү изоляциялоо жана кайра тарбиялоо иштери текшерүүгө алынышы зарылдыгы белгиленет. Алгач ирет соттолуп жаткандар менен бир нече жолу камалгандардын бир камерада отурушуна тынчсызданган укук коргоочулар бул маселени тез арада чечүүнү сунуштоодо.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан бул боюнча териштирүү жүргүзүлөрүн билдиришти. (SE)

XS
SM
MD
LG