Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:54

Обама: Ирактагы согушкерлерге сокку уруу уланат


9-августта АКШ президенти Барак Обама Ирактын түндүгүн басып алган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна куралдуу күчтөр тарабынан сокку урулуп бир канча курал-жарактар жана техникалар талкаланганын билдирди.

Обаманын айтымында, Ирактагы исламчыларга каршы операция качан бүтөрү белгисиз. Ал согушкерлерге каршы турууда Ирак бийлиги улуттук жана диний азчылык өкүлдөрү менен бирге иштөөсү натыйжа берерин кошумчалады.

Обама Улуу Британия жана Франция Ирактын түндүгүндөгү качкындарга гуманитардык жардам берүүгө даяр экенин да айтты.

8-август күнү АКШнын учкучсуз башкарыла турган учактары согушкерлердин артиллериясына сокку урган. Исламчыл согушкерлер артиллерия куралдарын Эрбил шаарын коргоп турган күрт армиясына каршы колдонуп жаткан болчу.

Өлкө түндүгүндөгү салгылашуудан тоолордо баш калкалап отургандарга суу жана башка жемиштер учак аркылуу жеткирилди. Гуманитардык жүк парашют аркылуу түшүрүлгөнүн Пентагон маалымдады.

Америкалык аскерлердин, дипломатиялык кызматтагылардын жана диний азчылык өкүлдөрүнүн коопсуздугу үчүн президент Барак Обама исламчыл согушкерлерге каршы сокку урууну колдогон.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG