Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Эбола вирусунан улам Гвинея чек арасын жапты


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жума күнү Гвинея өкмөтү эбола вирусун ооздуктоо максатында Либерия жана Сиерра-Леоне менен чек арасын жапты. Аталган үч өлкөдө кулачын жайган бул илдет 959 адамдын өмүрүн алды. Дарт буга чейин 1779 кишиде катталган. Вирустун вакцинасы али табыла элек. Андыктан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эбола боюнча чукул жыйындарды өткөрүп, эл аралык коомчулукка андан сактануунун жолдорун баяндаган видеолорду таркатууда. Дүйнөлүк Банк эбола менен күрөшүү жана аны изилдөөгө атайын каражат бөлүүдө. Нигериянын өкмөтү бюджеттен кошумча 11 миллион долларды эболаны дарылоочу атайын медициналык борбор үчүн бөлдү. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG