Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

Келдибеков эки жума ичинде Германияга жөнөйт


Биринчи май райондук сотунун чечими менен ден соолугуна байланыштуу кылмыш иши убактылуу токтотулуп, чет өлкөдө дарыланууга уруксат берилген Акматбек Келдибеков эки жума ичинде Германияга жөнөйт. Бул тууралуу анын жактоочуларынын бири Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, 5-операция Германияда жасалат.

"Коррупция" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган Келдибеков өткөн жылдын күзүнөн бери камакта болчу. Бул аралыкта ал буту жана колунан төрт жолу операция болду.

Айрым серепчилер соттун чечими туура эмес болгонун, депутат ошондон нары Кыргызстанга келбей коюшу мүмкүн экенин айтып жатышат.

Прокуратура болсо Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгартуу максатында Шаардык сотко доо арыз жолдогон. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG