Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Кытайга 500 кыргыз аскери жөнөп кетти


Шанхай кызматташтык уюмунун курамындагы мамлекеттердин Кытайда өтчү аскердик машыгуусуна кыргыз армиясынын 500 аскери бүгүн таӊда жөнөп кетти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кытайдагы машыгууга кыргыз аскерлери Оштон чек араны карай 50 даана аскердик техникасы жана курал-жарагы менен барат.

ШКУнун террордук коркунучка каршы биргелешип аракеттенүү боюнча аскердик машыгуусу бир айга созулат жана ага Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандан барган үч миӊден ашык аскер катышат.

Бул машыгуу учурунда кыргыз куралдуу күчтөрү үчүн кабыл алынып жаткан жаӊы аскердик форма сынга коюлат.

2012-жылы ШКУнун аскердик машыгуусу Тажикстанда өткөн. Бул уюмдун кезектеги аскердик машыгуусу 2016-жылы Кыргызстанда өтмөкчү. Буга чейин кыргыз армиясы башка өлкөдөгү машыгууларга мындай сандагы аскери жана техникасы менен барган эмес. (YI)

XS
SM
MD
LG