Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Эрдоган эл түз шайлаган алгачкы президент болууну үмүт кылат


Түрк премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган өзү каттоодо турган шайлоо участкасына келип добуш берди.

Бюллетенди салып жатып ал өлкөдөгү эл түз шайлаган алгачкы президент болуу үмүтүн билдирди.

Түркия мамлекети биринчи жолу президентин түз добуш берүү аркылуу шайлоодо. Мамлекет башчылыгына 3 талапкер ат салышууда.

Алар азыркы премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган, оппозициядан бирдиктүү талапкер катары Экмеледдин Ихсаноглу жана күрттөрдүн элдик демократиялык партиясынан Селахаттин Демирташ.

Түркия республикасы негизделген 90 жылдан бери президентти парламент шайлап келген.

Президенттике талапкер 2003-жылдан берки премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган шайлоодо жеңсе, Конституцияны өзгөртүп, президенттин ыйгарым укуктарын көбөйтөөрүн айтып келет. Эрдогандын мындай пикири коомчулукта чочулоону жаратууда.

XS
SM
MD
LG