Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:12

Президенттикке талапкер, учурдагы премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган Түркиядагы түз добуш берүү аркылуу өтүп жаткан алгачкы шайлоодо алдыда келатат.

Түркиянын юстиция министри Бекир Боздаг өзүнүн Твиттердеги расмий баракчасына "Эрдоган шайлоонун биринчи айлампасында жеңди" деп жазды.

Шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү кабарлагандай, бюллетендердин 98% эсептелип бүттү. Эрдоган добуштардын 52,2% менен алдыда.

Түркия республикасы негизделген 90 жылдан бери президентти парламент шайлап келген.

Президенттикке талапкер 2003-жылдан берки премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган шайлоодо жеңсе, Конституцияны өзгөртүп, президенттин ыйгарым укуктарын көбөйтөрүн айтып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG